20 миңден ашык ар түрдүү төш белгилер, ордендер жана медалдар. Бул коллекционер Кайырбек Рамазановдун жеке коллекциясынын фондусу. Фалеристикага кызыккан казакстандык түрдүү төш белгилерди 1969-жылы чогулта баштаган. Коллекционердин колунда көптөгөн баалуу тарыхый экспонаттар бар.
Кайырбек Рамазанов, фалерист, коллекционер:
- Коллекциянын көбүн, 80 пайызын коллекционерлерден жыйнадым. Анткени, союз учурунда биздин чыгышка көп адамдар келген. Иш боюнча же командировка менен. Көптөгөн коллекционерлер Чыгыштан, Батыштан, Кавказдан, Сибирден жана Прибалтикадан келишчү. Ошол коллекционерлер менен көбүн алмашып же сатып алып жүрүп чогулттум десем жаңылышпайм.
Көбүнчө фалеристке өзүнүн экспонаттарын кымбат баалуу буюмдарга алмаштыруу сунушталат. Бирок ал өзүнүн баалуу коллекциясын музейге мураска калтырууну көздөйт. Кайырбек Рамазановдун коллекциясындагы экспонаттарды карап, төш белгилер аркылуу тарыхка көз чаптырууга болот. Алардын арасында маданият, спорт, медицина, партиялык, комсомолдук, космостук, темир жол, автомобиль тармактарынын белгилери бар. Фалерист өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата атайын көргөзмө уюштурууну мерчемдеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков