Казакстан Чехия кызматташтыгы кеңейет

Казакстан менен Чехия кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Муну менен эки тарап тең энергетика тармагын ар тараптандырууга артыкчылык беришет. Кайра жанма энергияны биргелешип өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалмакчы. Бул тууралуу Чехиянын Тышкы иштер министри «Silk Way» телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Европа Биримдигинин алдыңкы өлкөлөрүнүн бири Казакстан менен ири өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул өлкөдөн учактарды жеткирүү жолго коюлган. Казакстандын аймагында биргелешкен транспорт заводу иштеп жатат. Өз ара соода темпи өсүүдө.

Ян Липавский, Чехия Тышкы иштер министри:

- Казакстан биздин тышкы саясатта маанилүү ролду ойнойт. Биздин экономикалык байланыштар бекемделип, ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлордун саны өсүүдө. Өз ара соода өнүккөн. Өткөн жылы товар жүгүртүү 1,6 миллиард еврону түздү. Быйыл биз бул көрсөткүчтөн ашып кетебиз деп ишенем. Чындыгында биздин кызматташтык чөйрөбүз кеңейүүдө. Мен ар кандай багыттар боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү айырмалоо үчүн атайын келдим. Ошол эле учурда саясий диалог өзгөчө мааниге ээ.

Ян Липавский эки тараптуу гумманитардык жана илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө ишенимин билдирди. Эскерте кетсек, аталган өлкөнүн адистери казак талаасынан тукум курут болгон Прежевкльский жапайы жылкысынын тукумун жандандырууга жардам беришти. Быйыл Европадан Казакстанга камбар-ата төлүнүн биринчи партиясы келди. Чехиянын Тышкы иштер министри бул асыл өнөктөштүк улана берерин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков