Казакстан ата мекендик илимди экономиканын реалдуу сектору менен айкалышытырууга артыкчылык берет. Колдонмо изилдөөлөрдү өндүрүшкө киргизүүнүн максаты - негизги тармактардын инновациялык дараметин жогорулатуу. Буга байланыштуу 2025-2027-жылдары өлкөдө 113 илимий долбоор ишке ашырылат. Жаңыланган курамдагы Жогорку илимий-техникалык комиссия аларды каржылоону бекитти. Аларды колдоо гранттар, программалык-максаттуу каржылоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Муну менен катар жеке инвесторлорду тартуу көздөлүп жатат. Негизинен экология, айлана-чөйрө жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу; энергия, материалдар жана транспорт; алдыңкы өндүрүш, санариптик жана космостук технологиялар; биологиялык коопсуздук, агронөр жай комплекси жана башка да маанилүү багыттар камтылган. Өлкө аймагында жогорку өндүрүмдүүлүгү жана сапаты менен экологиялык жактан таза өндүрүштөрдү түзүү үчүн алдыңкы ыкмалар жана жасалма интеллект технологиялары колдонулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

