Казакстан адам укуктары боюнча БУУ кеңешинин отурумуна катышты

Казакстан адам укуктары боюнча БУУ кеңешинин отурумуна катышты

Казакстандын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 49-сессиясына катышты. Тышкы иштер министри өлкөнүн бул жаатта БУУ менен биргелешкен иш тажрыйбасы жана үчтүн айында Казакстанда болгон окуяларды иликтөө тууралуу айтып берди.

Мухтар Тлеуберди, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары, Тышкы иштер министри:

- Жалган куран айынын ортосунда президент иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялайт. Мындан тышкары тергөө учурунда камактагылардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин акыйкатчыбыз, бейөкмөт уюмдар камактагыларды кыйноо фактыларын аныкташты. Бул иштерди Башкы прокуратура карап, сотко өткөрөт. Биз ар бир кырдаалга кылдат көз салып жатабыз.

Мухтар Тлеуберди комитеттеги кесиптештерине президент Касым-Жомарт Токаевдин саясий жана экономикалык реформалар программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Казакстан адам укуктары боюнча 8 негизги эл аралык келишимди жана алардын 6 факультативдик протоколун ратификациялады. Президенттин демилгеси менен өлкөдө 4 саясий реформалар топтому ишке ашырылып, «Элдин үнүн уккан мамлекет» принциби киргизилип, тынчтык чогулуштар жана профсоюздар жөнүндө жаңы мыйзамдар кабыл алынды.

Мухтар Тлеуберди, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары, Тышкы иштер министри:

- Мен өз сөзүмдө Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар боюнча кеңири маалымат бердим. Бүткүл дүйнөлүк коомчулук өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү байкап, президент жүргүзүп жаткан саясий реформаларга колдоо көрсөтүп жатат.

Министр белгилегендей, Казакстан саясий модернизация, ачык экономика жана коррупцияга каршы күрөш багытын өзгөртпөйт. Жаңы Казакстандын

күн тартибинде — биринчи кезекте жарандардын турмушун жакшыртуу милдети турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков