Өткөн жылы Казакстандын парламенти 90дон ашык мыйзам кабыл алды. Алардын 28и эки палатанын депутаттары тарабынан демилгеленген. Сенаттын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгын палатанын спикери чыгарды. Маулен Ашимбаевдин айтымында, жыл бою өлкөнүн бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасы кайра жаңыланды. Баарынан мурда саясий системаны мындан ары демократиялаштыруу, атаандаштыкты өнүктүрүү багыты колго алынды. Муну Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришкендин алгачкы күндөрүнөн тартып эле аныктаган. Жыйынтыгында сенаторлордун курамы жартылай жаңыланганын Маулен Ашимбаев баса белгиледи.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Палата депутаттарынын басымдуу бөлүгү аймактардан шайланат.
Ошондуктан бул эл өкүлдөрү аймактык маселелерди биринчи орунга коюп жатканын
угуп, көрүп жатасыздар. Көптөгөн окуялар орун алды. Жалпысынанан алганда
парламентарийлер – Мажилистин да, Сенаттын да мүчөлөрү быйыл дүйнөдө болуп
өткөн чакырыктар жана ар кандай татаал кырдаалдардын өлкөгө тийгизген
таасирине карабастан, мамлекет башчысынын реформаларынын укуктук негизин
түзүү үчүн ийгиликтүү жумуш аткардык деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков