Казакстанда калкты каттоонун биринчи этабы башталды

Казакстанда калкты каттоонун биринчи этабы башталды

Казакстанда калкты каттоонун биринчи этабы жүрүп жатат. Кулжа айынын 1нен баштап эсептөөчүлөр өлкөнүн калктуу конуштарын кыдырууда. Максаты - үймө-үй кыдырып, туруктуу жашаган жери бар жарандардын тизмесин тактоо. Бул аркылуу эң алды менен элет жерлерин жана шаарларды өз-өзүнчө классификациялаган каттоо участкаларын түзүүгө мүмкүндүк пайда болот. Аталган ишке 5 миңден ашуун адам тартылган. Улуттук өнөктүктүн негизги этабы алдыдагы күз мезгилине туура келет. Башкача айтканда, аяк оона айынын 1де башталат. Бул жолу анкеталарды салттуу түрдө да, онлайн режиминде да толтурууга болот. Ал эми тогуздун айынын ортосуна чейин аралыктан, ал эми бир ай бою үймө-үй кыдыруу аркылуу жүргүзүлөт.

Олжас Сайлаубекулы, «Улуттук калкты каттоо 2021» расмий өкүлү:

- Ар бир жаран эл каттоого катышуу үчүн каалаган ыңгайлуу убактысын тандай алат. Себеби, система 24 саат бою жеткиликтүү. Ошондой эле, сайтта бланкты толтурууну токтотуп, аны кийинчерээк кайрадан улантууга мүмкүнчүлүк бар. Бул жолду көбүрөөк тандоо пандемия учурунда адамдардын байланышын азайтууга өбөлгө болот.

Бул жолу бардык жараян автоматташтырылып, ага санарип технологиялар киргизилет. Эч ким көңүлдөн тышкары калбоо үчүн анкетаны биринчи жолу sanaq.gov.kz сайты аркылуу онлайн-режиминде толтуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул жыйналган маалыматтар сапатына адам факторунун таасирин айзайтууга, маалыматтын тактыгын камсыз кылууга шарт түзөт, дешет адистер. Эске салсак, быйылкы улуттук каттоодо жарандарга жалпысынан 87 суроо берилет. Алардын 67си негизги, 20сы тактоочу суроолор.

Которгон: Илгиз Жамалбеков