Кош дипломдуу билим берүүнүн келечеги

Кош дипломдуу билим берүүнүн келечеги

Петропавловск шаарындагы Козыбаев атындагы университет Аризона штатындагы билим берүү мекемеси менен кызматташууну баштады. Азыр университетте республиканын ар кайсы шаарларынан келген 170 студент акысыз билим алып жатат. Негизги багыттары – IT, инженерия, агро жана биотехнология.

Алтын Нурманазова, студент:

- Биздин Петропавловск шаары үчүн бул Аризона университетинде окуу чоң мүмкүнчүлүк. Окуутуучулар курамы да мыкты. Бардык сабактар англис тилинде өтүлөт. Башка тилди андан ары өздөштүрүү үчүн жасалып жаткан мүмкүнчүлүк деп - ойлойм.

Дамель Мектепбаева, Университет кеңешинин мүчөсү:

- Кош дипломдуу студент эки диплом менен бүтүрөт. Ал эми Американын диплому штаттарга барып окуп калса, ошол дипломдон айырмасы жок. Албетте, тандоо болду, башкача айтканда талаптар бар болчу, кош диплом үчүн алар англис тилин билиши, башкача айтканда, сертификатталган экзаменди көрсөтүшү же өзүбүздүн сынактан өтүшү керек болчу.

Кош дипломдук билим берүү боюнча иштөө үчүн мугалимдердин эл аралык командасы тандалып алынган, жана көптөгөн илимий жана виртуалдык лабораториялары бар заманбап окуу имараты курулууда. Мындан тышкары, төртүнчү курста студенттер Аризонага бир семестрге бара алышат. Мунун баары, адистердин айтымында, казакстандык бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Акмарал Ибраева, Козыбаев университетинин ректорунун кеңешчиси

- Бул абдан маанилүү иш деп эсептейбиз, аны азыр биз ишке ашырып жатабыз. Анткени буга чейин жаштар ал жактан билим алуу үчүн чет өлкөгө кетишкен. Алардын кээ бирлери ошол жерде калышты, бирок бул программанын аркасында азыр студенттер чет өлкөлүк дипломду өз жеринде эле алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков