Мугалимдер үчүн санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу курстары уюштурулат

Мугалимдер үчүн санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу курстары уюштурулат

Келечектеги мугалимдер жаңы көндүмдөрдү үйрөнө башташты. Педагогикалык жогорку окуу жайларынын программасына «Өрлөө» Квалификацияны жогорулатуу борбору «Мугалимдердин санариптик чеберчилигин жогорулатуу» аттуу атайын курсун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Асел Мухаметжанова билдирди. Анын айтымында, курс 4 модулдан турат. Ага 40 дарс жана 30дан ашык видео материал, маалыматтык-коммуникациялык технологияларга негизделген тесттер жана интерактивдүү тапшырмалар кирет. Адистер санариптик билим берүү технологияларын колдонуу менен сабактын ыкмаларын үйрөнүшөт. Азыркы учурда курс онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Ага мугалимдер жана педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттери да катыша алат. Долбоорго өлкө боюнча беш жүзгө жакын адистерди тартуу каралган. Курс Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин www.edu.kz платформасында жайгаштырылат.

Асел Мухаметжанова, «ӨРЛӨӨ» БАУО» АК төрагасы:

- Айыл жергесиндеги ар бир төртүнчү мугалим жана шаардагы ар бир бешинчи мугалим кесипкөйлүктү жогорулатууга муктаж. Мугалимдердин 73% окуучулар үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы менен түзүлгөн шаймандардын эффективдүүлүгүн тааныйт. Ал эми 66% мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууда маанилүү роль ойнойт деп эсептешет. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн коюлган милдеттүү талаптардын бири - билим берүү системасында иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков