Кытайда окуп жүргөн казак эже-сиңдилер мекенин социалдык тармактар аркылуу даңазалоодо. Кыздар өз баракчасына агартуучулук маалыматтарды жарыялап келишет. Кечээгини жандандырып, бүгүнкү күндүн жакшысын көрсөтөт. Анда казактын улуттук кийимдери, тамак-ашы, заманбап киносу, өлкөнүн руху тууралуу кызыктуу маалыматтар таратылат.
Казакстандан алыста окуп жүргөн Ботакөз менен Томирис Елшибек өз мекенин таанытууну максат кылышууда. Андыктан эже-сиңдилер Кытайдын Вичат платформасында QazaqLand аттуу долбоорду ачышкан.
Ботакөз Елшибек, студент:
- Мен Казакстандын тарыхы, музыкасы, эли тууралуу интервью алам, Кытайда ийгиликтерге жетип, иштеп жаткан адамдардан интервью алам, андан кийин бренддер менен тааныштырам. Долбоордун негизги максаты - Казакстан тууралуу кытай жана англис тилдеринде контент сунуштоо. Анткени Кытай Казакстандын эң чоң кошунасы болгону менен бирок кытайлыктардын көбү Казакстанды көп биле беришпейт.
Акыркы убакта аудитория кеңейип, эми Казакстан тууралуу маалыматтар Кытай Эл Республикасынын башка да социалдык тармактарында жарыяланып жатат. Мындан тышкары каармандар чет элдик жарандарга казак тилин үйрөтүшөт.
Томирис Елшибек, студент:
- Мен өзүмдүн Вичат баракчама видеолорду жарыялап турам. Албетте, күндө болбосо да, казакча, достор, башка кытай, же казак тилин үйрөнгүсү келген кесиптин окуучулары менин видеолорумду угуу аркылуу казак тилин үйрөнүшөт.
Келечекте онлайн аянтчаларда Казакстанда жасалган өнүмдөрдү түз эфирде саткан өлкөнүн павильонун ачуу пландары бар. Ботакөз билим берүү жана социалдык тармактардан тышкары Шанхай Кызматташтык Уюму жаштарынын иш-чараларына жигердүү катышат.
Лин Чэнь, Шанхай кызматташтык уюмунун Шанхайдагы жаштар хабынын мүчөсү:
- Экөө тең Казакстанга болгон көз карашымды өзгөрттү. Бота сыяктуу студенттер Кытайда ар кандай долбоорлорду ишке ашырышат. Маселен, Шанхай кызматташтык уюму Шанхайдагы жаштар хабынын алкагында көптөгөн иш-чараларды өткөрөт. Алар Уюмга кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Казакстан менен Кытайдын таланттуу жаштарынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана бири-бирин таанууга көмөктөшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков