Заманбап технологиялар менен даярдалган салттуу тамактар өзгөчө популярдуу.
Астанада өткөн эл аралык гастрономиялык фестивалда тамак-аш чеберлери улуттук
азыктар менен тажрыйба жүргүзүштү.
Анан ал жерден алып ышталган курут кошулат. Бул улуттук ашкананын элементи.
Ышталган курут алынып келинип, камырга оролот.
Жалпысынан, атаандаштар ысык жана муздак тишке басар үчүн өз варианттарын
көрсөтүшү керек. Форманы жана курамын өздөрү тандашат.
Нурсултан Толыбек, Гастрономиялык фестивалдын катышуучусу, Алматы шаары:
- Куруттан мусс даярдайм. Ошондой эле, каймак жана быштак сыр кошом. Андан
мусс чыгат. Биздин улуттук тамак-аштарды колдонуу керек болгондуктан, куруттан
мусс жасоону чечтим. Азыр мен түстүү капустадан эзилген картошка жасайм. Ал эми
эт, козу карын жана шпинатты камырга оройм.
Кулинардык чеберчиликте казакстандык колледждерден жана кесипкөй
ашпозчулардан тышкары жакынкы чет өлкөлөрдөн, Түркиядан, Кореядан жана Кытайдан
келгендер күч сынашат.
Айбике Батыханова, Гастрономиялык фестивалдын катышуучусу, Кыргызстан:
- Көчмөндөрдүн бешинчи оюндары жакында Казакстанда өттү жана ушул тема
боюнча торт жасоону чечтим. Бул жерде Туран элдеринин желеги, боз үй - жалпы
түрк элдеринин, башкача айтканда көчмөн элдердин үйү. Мен бул теманы айткым
келип, ушундай торт жасадым. Бул жегенге жарамдуу желек кант кагазынан жасалды.
Уюштуруучулардын айтымында, студенттер өздөрү үчүн башка улуттардын ашпозчулугунун өзгөчөлүктөрүн көрө алышат. Мындан тышкары, жыл сайын өтүүчү фестиваль Казакстанда гастрономиялык туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков