Сенат депутаттары өлкөдөгү суу ташкыны маселесин көтөрүштү

Сенат депутаттары өлкөдөгү суу ташкыны маселесин көтөрүштү

Өкмөт өзгөчө кырдаалдарды жана суу ташкындарын жоюуга гана эмес, алардын алдын алууга багытталган системалуу жана комплекстүү чараларды көрүүгө өзгөчө басым жасашы керек. Мындай суроо менен сенатор Сергей Ершов баяндама жасады. Ал белгилегендей, учурда республикадагы гидротехникалык курулуштардын жарымына жакыны авариялык абалда жана алар оңдоого, ошондой эле модернизациялоого муктаж. Сенатор селдин алдын алуу маселеси өлкөнүн коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү экенин айтты. Бул жаатта Суу кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгууну тездетүү зарылдыгын да эске албай коюуга болбойт.

Сергей Ершов, Казакстан Парламенти Сенатынын Депутаты:

– Палатанын 2022-жылдын чын куран айынын 14дө өтө турган кезектеги отурумунда биздин депутаттык сурообуздун каралышы жана анын жыйынтыгы боюнча оозеки жооп берүүңүздү суранабыз. Атап айтканда, өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин мырзага, экология, геология жана табигый ресурстар министри  Сериккали Брекешевди, суу ресурстарын башкаруу боюнча, индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаевди бороон-чапкын системасы, арык желелерин өнүктүрүү жана жол курулуштарын сунуштайбыз.

Бул жаатта, Сенаттын төрагасы Маулен Ашымбаев өлкөнүн бир катар аймактары суу ташкынынан жана жазгы суу каптоодон жапа чеккенин билдирди. Мындай абалга жергиликтүү аткаруу органдары, министрликтер даяр эмес болгон. Сенаттын төрагасы бул маанилүү маселени өз көзөмөлүнө алууну орун басары Ольга Перепечинага тапшырды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков