Өткөн суткада Казакстанда коронавирус жуккан 5 179 жаңы учур катталды. Эң оор эпидемиологиялык кырдаал борбор шаарда байкалууда. Мында акыркы 24 саатта 1 277 тургундан COVID-19 аныкталды.
Андан кийин Алматыда 710, Караганды облусунда 703 бейтап катталды. Пандемия башталганы өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 504 миң кишиден ашты. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 64 миңден ашык казакстандык жаран коронавирус инфекциясына каршы дарыланууда. Анын ичинде 20 миңден ашык бейтап стационарларда дарыланып жатат. Соңку маалымат боюнча, 2 млн 907 410 казакстандык инфекцияга каршы вакцинанын эки компонентин алууга жетишкен.