Саламаттыкты сактоо министри казакстандыктардын жашоо узактыгы тууралуу баяндады

Саламаттыкты сактоо министри казакстандыктардын жашоо узактыгы тууралуу баяндады

Казакстандыктардын орточо жашоо узактыгы 75,4 жашка жеткен. Бул – дүйнөлүк орточо деңгээлден жогору көрсөткүч. Өлкөдөгү жалпы көрсөткүч 3% төмөндөдү. Былтыр алгачкы ирет эне менен бала өлүмү эң аз көлөмдө катталды. Бул тууралуу Мамлекет башчысына саламаттык сактоо министри баяндады. Акмарал Альназарованын маалыматы боюнча, былтыркыга салыштырмалуу дарыгерлердин жетишсиздиги 19% азайган. Мамлекет башчысы калктуу конуштардагы алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жайларынын курулушун жылдын аягына чейин аяктоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын натыйжалуу кылуу, өтө маанилүү дары-дармектердин ата мекендик өндүрүшүн өнүктүрүү жана медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча бир катар милдет жүктөдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков