Дүйнө жүзү боюнча 50 миң адам маймыл чечегине чалдыкты

Дүйнө жүзү боюнча 50 миң адам маймыл чечегине чалдыкты

Дүйнө жүзү боюнча маймыл чечегине чалдыккандардын саны 50 миңден ашты. Аталган вирус 90дон ашык өлкөдө катталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бейтаптардын жарымынан көбү АКШда аныкталган. Бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүндө илдет акырындап азайып баратат. Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, тез арада көрүлгөн алдын алуу иш-чаралардын аркасында маймыл чечек илдетинин кеңири жайылышы токтоп, вирусту жок кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Тедрос Адханом Гебрейесус, ДССунун башкы мүдүрү:

- Бул биздин мурдатан бери айтып келе жатканыбызды ырастайт. Алдын алуу чараларын туура жүргүзүүнүн аркасында ооруну токтотууга мүмкүн болуп жатат. Вирусту жуктургандардын саны Түндүк жана Түштүк Америкада көп. Бирок Европанын айрым өлкөлөрүндө, мисалы, Германияда жана Нидерландыда эпидемиянын жайылышы басаңдады, бул жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарынын ишинин оң натыйжасы.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков