Казакстанда өткөн суткада коронавирус жуктурган 1104 жаңы учур катталды. Ооругандар түштүк калаада 350 гө жетти. Нур-Султанда 328, Шымкент шаарында 102 жашоочудан инфекция аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө илдет жуктургандардын саны 1 миллион 312 миңден ашты. Учурда 4,5 миңдей адам дарыланууда, анын ичинен 503 бейтап ооруканада. Ошондой эле өлкөдө коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 9 миллион 317 миңден ашуун казакстандык толук эмдөөдөн өттү. 4 миллион 884 миңден көп тургун ревакциналанды.