Казакстанда 10 жылдан бери жүрөктүн сол карынчасына кошумча аппаратты алмаштыруу операциясы жасалып келет. Бул аралыкта республика боюнча 500 операция жасалган. Бул, өз кезегинде, бейтапка олуттуу жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүүгө жана нормалдуу жашоого мүмкүндүк берет. HeartMate III аппаратын трансплантациялоо азыркыга чейин жүрөк ооруларын дарылоонун дүйнөдөгү эң алдыңкы ыкмасы болуп саналат. Мындай жооптуу, өтө татаал операцияны борбордогу жүрөк борборунда жана анын башка 3 бөлүмүндө жасалат. Казакстандык адистер операцияны чоңдор үчүн гана эмес, балдар үчүн да жасап келишет.
Салтанат Андасова, UMC борборунун кардиолог-дарыгери:
– Бул эң кооптуу оорулардын бири болуп эсептелет. Алгачкы 5 жылда 50 пайызга чейин кайтыш болуп жатат. Бүгүнкү күндө биздин бейтаптар жүрөктүн өнөкөт кемтигинен операция жасатуу үчүн бекер дарыланышат. Мамлекет ар бир бейтапка 60 миллион теңгедей каражат бөлөт. Казакстанда жашаган ар бир бейтапка акысыз өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков