Казакстанда 857 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда 857 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирус жуктуруу учурлары кайрадан көбөйдү. Өткөн суткада кооптуу илдет 857 адамдан аныкталды. Антирейтинг тизмесин мурдагыдай  эле Алматы баштап турат. Мында 134 адам илдетке чалдыккан. Ковиддин 132 учуру катталган борбор калаа экинчи сапта, 78 учур менен Павлодар облусу үчүнчү орунга жайгашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө 216 миң 500гө жакын адам коронавируска чалдыккан. Толугу менен айыгып чыкандардын саны 200 миң 500гө жакындап калды. Акыркы сутка ичинде вирусту жеңгендердин саны 840 адамды түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков