Көчмөндөрдүн мурасы көпчүлүктүн назарында. Астанада казак талаасынын,
көчмөн элдин жашоосун чагылдырган «көчмөндөрдүн руху» аттуу көргөзмө ачылды.
Ага белгилүү ата мекендик жана чет элдик фотографтар, кол өнөрчүлөр катышып,
шаар тургундарына жана конокторуна ар кандай багыттагы чыгармаларды
тартуулашты. Камила Сулейменова 5 жылдан бери кийизден ар кандай буюмдарды
жасап, кийим токуу менен алектенет. Негизги адистиги-экономист. Бирок, кол
өнөрчүлүк көптөгөн адамдар тарабынан жогору бааланып, суроо-талап өскөндүктөн
ата баба кесибине өткөн.
Камила Сүлейменова, дизайнер:
- Түрмөк-бул тынымсыз алдыга жылуу, ырааттуу токтобогондукту
билдирет. Бул композиция да бекеринен кийизден жасалган эмес. Кийиз көчмөн элдин
турмушунда чоң мааниге ээ. Бала төрөлгөндө дароо кийизге оролгон. Кийин өмүр
бою ушул кийизди колдонуп келет. Бул жылуулуктун жана коопсуздуктун белгиси.
Ошентип, «жашоо түрмөгү» композициясы муундардын уланышына арналган. Бул чоң
атадан балага өткөн биздин кымбат байлыгыбыз.
Көчмөндөрдүн рухуна арналган көргөзмө 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын
конокторуна аяк оона айынын 8-13ү күндөрү өтө турган сувенирлерди тартуулоого даяр. Буга
байланыштуу көргөзмөнүн эшиктери аяк оона айынын аягына чейин ачык.
Алишер Турсын, «Kazakh Tourism» Улуттук компаниясынын
расмий өкүлү:
- Азыркы өтүп жаткан бул көргөзмө Казакстандын ар кыл
сүрөтчүлөрүнүн көчмөн турмушу, номадизм деген эмне экенин көргөзүп турат. Муну
менен биз ата мекендик кесиптештерибиздин да, чет элдик адистердин да көңүлүн
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, көчмөн маданиятына, көчмөн цивилизациясына дагы
бир жолу бургубуз келет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков