Латвиялык коньки тебүүчү олимпиадада Абай Кунанбай уулунун ырына өнөр көрсөттү

Латвиялык коньки тебүүчү олимпиадада Абай Кунанбай уулунун ырына өнөр көрсөттү

Латвиялык көркөм муз тебүүчү Денис Васильев быйылкы Олимпиаданын кыска программасында Абай Кунанбай уулунун «Айттым салам, Каламкас» композициясына өнөр көрсөттү. Бул аткаруусу үчүн Васильев 85 упай алып, жетинчи орунга ээ болду.

Кытай олимпиада оюндарында лидер болууда

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө медалдардын саны боюнча Кытай курамасы алдыда келе жатат. Кытай Эл Республикасы спортчуларынын эсебинде 3 алтын, 2 күмүш медаль бар. Экинчи орунду 3 алтын медаль менен Швеция ээледи. Алдыңкы үчтүккө Орусия 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль менен кирди. Ал эми Казакстандын байге куржуну азырынча бош.

Которгон: Илгиз Жамалбеков