Казакстандын Маңгыстау облусу ири эл аралык кино долбооруна айланды. Жандуу Бозжыра капчыгайында Жэки Чандын катышуусундагы «Доспехи Бога 4: Ультиматум» тасмасынын тартылуусу башталды. Кино жаратуучулар Казакстандын табигый кооз жерлеринин тасмага кошулушу дүйнө жүзүндөгү миллиондогон көрүүчүлөрдү өлкөнүн өзгөчө жаратылышы, тарыхый жана маданий мурасы менен тааныштырууга чоң өбөлгө түзөрүнө ишенишет. Серепчилердин пикири боюнча, мындай долбоорлор чыгармачыл индустрияны өнүктүрүп, аймактардын туристтик жагымдуулугун жогорулатат жана Казакстандын эл аралык имиджин бекемдейт. Белгилей кетсек, тасма тартуу иштери быйыл жыйынтыкталат, ал эми тасма көрсөтүүгө 2027-жылы чыгат. Фильмдин режиссёру казакстандык Роберт Кун.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

