Өрт аймагы 43 миң гектарга чейин кыскарды

Өрт аймагы 43 миң гектарга чейин кыскарды

Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов билдирди. Окуя болгон жерде болгон мекеме башчысынын айтымында, учурда абал туруктуу жана көзөмөлдө. Ысыкка жана катуу шамалга карабай кызыл жалынды өчүрүүгө каражат жана күч жетиштүү. Эскерте кетсек, өрттү өчүрүүгө бир жарым миңдей адам, Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо, Ички иштер министрликтери, Токой чарба комитети, жергиликтүү акимчиликтерден 300дөн ашык техника тартылган. Ошондой эле өрт булактарын аныктоо үчүн абадан суу чачуу үчүн 12 тик учак жана абадан чалгындоо үчүн 2 коптер ишке киргизилди. Өзгөчө кырдаал башталгандан бери 3000 тоннадан ашык суу колдонулду.

Актоты Боранова, ИИМ административдик полиция комитетинин ага инспектору:

- Абай районундагы абал дагы эле оор бойдон.  Кооптуу аймактарда өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери менен бирге күч түзүмдөрү жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери да иш алып барууда. Жергиликтүү элди уюшкан эвакуациялоодон кийин полиция үйүн таштап кеткен адамдардын материалдык баалуулуктарын жана жеке мүлкүн коргоону жүзөгө ашырып жатат. Ошол себептен Бородулиха районуна кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Транспорттун бардык түрлөрүнүн кыймылын уюштуруу жана жөнгө салуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалда жарандар менен транспорт каражаттарынын келүү жана кетүү тартибин камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

Ал эми Абай аймагындагы токой өртүнөн улам шамалдын багыты өзгөрүп, Жетису аймагын коюу түтүн каптады. Элге тынчтыкты сактоо жана беткап кийүү эскертилди. Мындан тышкары, кош бойлуу аялдарга жана дем алуу органдары жабыркаган улгайган адамдарга үйдөн чыкпоо сунушталды. Кырсык өрткө байланыштуу кичи райондо жайгашкан Талдыкорган токой чарбасы күчөтүлгөн режимге өттү.

Аскар Орынбаев, «Талдыкорган токой чарбасы» коммуналдык мамлекеттик мекемеси мудүрүнүн орун басары:

- Баарыбызга оңой эмес, өтө оор кырдаал. Семей токой коругунда өрттү өчүрүүдө каза болгон токойчулардын жакындарына көңүл айтабыз. Классификациялык таблица боюнча бул өрт бешинчи класска кирет. Бул эң кооптуу деңгээл деп эсептелет. Азыр адистер күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Бардык тургундарга токойго кирүүгө тыюу салынат!

Которгон: Илгиз Жамалбеков