Чет элдик туристтердин Казакстанга кызыгуусу артууда.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында алардын саны эки эсеге өскөн. Өткөн
жылдын ушул мезгилине салыштырганда 130 миң адамга көп. Жалпысынан быйылкы
мезгилде 228 миңге жакын чет элдик жарандар өлкөнүн кооздугуна күбө болуп
кайтышты. Ал тургай бул саякатчылар үчүн жагымдуу жайкы сезон эмес. Андыктан
бул жакшы көрсөткүч, дешет тармактык адистер.
Акмарал Меңлибек, Маданият жана спорт министрлигинин комитет
башкармасынын башкы серепчиси:
Өткөн жылы өлкөгө 1 миллионго жакын чет элдик турист келген.
Быйыл бул көрсөткүч 1 миллион 400 миңге көбөйүшү күтүлүүдө. Бул чет элдик
коноктордун Казакстанга туристтик мамлекет катары кызыгуусу күчөгөнүн көрсөтүп
турат. Маселен, жайдын башынан бери Казакстанга келген чет элдиктердин саны
былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 эсеге өскөн.
Ошентип Казакстан былтыр эле туристтерден 572 миллиард теңге
киреше тапкан. Чет өлкөдөн келген ар бир саякатчы өлкөдө орточо эсеп менен бир
жарым миң доллар каражат коротот. Буга байланыштуу ата мекендик мейманканалар
да быйылкы жылдын үч айында 43 миллиард теңгеден ашык киреше тапкан.
Нуртас Байларов, Маданият жана спорт министрлигинин комитет
башкармасынын башкы серепчиси:
Улуттук банктын маалыматы боюнча алыскы чет өлкөдөн келген 1
турист Казакстанга орточо эсеп менен 1500 доллар киреше алып келет. Ар бир чет
элдик саякатчы 2 жумуш ордун түзөт. Маселен, былтыр бизге башка өлкөнүн 1
миллионго жакын жараны турист катары келишкен. Натыйжада бул иш-аракеттен
түшкөн салыктар боюнча рекорд катталган. Улуттук казынага 389 миллиард теңге
түшкөн. Өлкөдө турак жай ишканалары 183 миллиард теңгеге жакын киреше тапкан.
Негизинен казакстандыктар чет өлкөгө баргандан көрө
мекенинин кооздугунан ырахат алууну артык көрүшөт. Маселен, ушул жылдын үчтүн
айы-жалган куран айларында ички
туристтердин саны 1 миллион 350 миңге жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков