Маданият тармагында быйыл бир миллиондон ашык баланы камтыган бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Касым-Жомарт Токаевдин берген тапшырмалары жана бардык пландаштырылган иш-чаралар толук уюштурулду. Бул тууралуу Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Балдар жылынын алкагында 69 масштабдуу иш-чара иштелип чыккан. Кошумчалай кетсек, министрликтин демилгеси менен балдар адабиятына багытталган “Дана бала” сайты ачылды. Бүгүнкү күндө сайтка 5 миңден ашык китептин электрондук нускасы жүктөлгөн.
Нургиса Дауешов, Маданият жана спорт вице-министри:
-Биринчи республикалык «улуу муун» маданий-агартуу онлайн долбоору сайттарда жана социалдык тармактарда жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда көрүүлөрдүн саны 2 миллиондон ашат. Экинчиси – «окуучунун маданий нормативи» долбоору – өлкөдөгү бардык мектептердин 20 пайызын же 1510 мектепти камтыды. Биз бул көрсөткүчтү 30 пайызга жеткирүүнү көздөп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков