Башкы прокуратура: терроризм актылары боюнча 44 кылмыш иши тергелүүдө

Башкы прокуратура: терроризм актылары боюнча 44 кылмыш иши тергелүүдө

Казакстанда массалык баш аламандыктар боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны 695ке жетти. Оор жана өтө оор кылмыштарга 780 адам шектелип, алардын 700гө жакыны камакка алынды. Бул тууралуу башкы прокурордун улук жардамчысы Азамат Саргазин билдирди.

Анын айтымында, терроризм беренеси боюнча 44 сотко чейинки тергөө иштери башталган. 15и киши өлтүрүү, 6у төңкөрүштү үгүттөөгө айыпталган. Өзгөчө кырдаал учурундагы административдик укук бузууларга келсек, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, сот камалгандардын көбүн бошоткон.

Азамат Саргазин, Казакстандын Башкы прокурорунун улук жардамчысы:

- Бул окуяларга байланыштуу бардыгы болуп 8354 иш каралды. Сот жана прокурорлор адамдардын өкүнгөндүгүн эске алуу менен 3337син камакка албоо боюнча эскертүүлөр берилди. 1653 иш боюнча сот айып пул салды. Учурда 1002 адам камакта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков