Өлкөнүн улуттук банкынын маалыматы боюнча, ал «Казакстандын флорасы жана фаунасы» сериясынан. Дизайн концепциясын иштеп чыгууда каржы көзөмөлүнүн адистери жаңы технологияларды колдонушкан. Инновациялык монета 3D ультра жогорку рельефтин жардамы менен сыноодон өткөн. Тыйындын бетинде BALQASH ALABUǴASY түшүрүлгөн. Балыктын башы тыйындын тегиздигинен 17 мм жогору болуп турат. Композициянын көркөм толуктугу үчүн вертикалдык кыйшаюусу 10 градуска өзгөртүлүп, бетинин түсүнө асан-үсөн оюму түшүрүлүп, толкундуу болуп жасалган. Коллекциялык монеталар 925 үлгүсүндөгү күмүштөн жасалып, 1 миң теңге номиналында 500 даана тираж менен чыгарылды. Ал эми мельхиор эритмесинен жасалган 200 номиналындагы теңге, 20 миң даана тираж менен чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков