Анткени ал жерде жаңы жеңүүчү аныкталат. Бул жолу баш байге үчүн атактуу шахматчылар Ян Непомнящий менен Дин Лижэнь ат салышат. Байге фонду 2 миллион еврону түзөт. Казакстандын Шахмат федерациясынын президенти Тимур Турловдун айтымында, мындай масштабдуу иш-чараны өткөрүү Казакстандын дүйнөлүк спорттогу макамын жогорулатат.
Тимур Турлов, Казакстан шахмат федерациясынын президенти:
- Бул - Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу өтүп жаткан иш-чара. Чемпионатты өткөрүүгө укук алганыбызга кубанычтамын. Өткөн жылы жылдын аягында блиц жана рапид боюнча чемпионатты өткөрүүгө жетиштик. Бул беттештин жүрүшүнө жана жыйынтыгына бүткүл дүйнө көңүл бурат деп күтөбүз. Анткени Магнус Карлсен биринчи жолу мелдешке катышпайт. Ошондуктан бул оюнда ким фаворит болоорун билбейбиз.
Интеллектуалдык мелдеш Казакстанда шахматты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Уюштуруучулар алдыдагы убакытта мелдештерди өткөрүү үчүн ФИДЕ менен кызматташуунун пайдубалы түптөлөрүн айтышат.
Тимур Турлов, Казакстан шахмат федерациясынын президенти:
- Чемпионат Казакстандын аймагында дагы шахматка болгон кызыгууну арттырат деп күтөбүз. Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө көптөгөн мастер-класстар уюштурулат. Бир нече иш-чаралар өткөрүлөт. Биздин ышкыбоздорубуз жана профессионалдарыбыз шахмат дүйнөсүнүн негизги гроссмейстерлеринен билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк шахмат таажысы үчүн беттештин биринчи партиясы тең чыгуу менен аяктады, экинчи беттеш бүгүн өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков