Акордада Казакстандын президентинин төрагалыгы астында Аралды куткаруу эл аралык фондунун негиздөөчү мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны болуп өттү. Касым-Жомарт Токаев бул Борбор Азиядагы экологиялык маселелерди чечүүдө өлкөлөрдүн аракеттерин координациялоого багытталган жалгыз институционалдык платформа экенин баса белгиледи. Аралдын көйгөйү көптөн бери глобалдык масштабга ээ болгон жана региондун өлкөлөрү биргелешип суу сактагычтын кургашынын кесепеттерин жоюу аракетинде. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында Түндүк деңиздин экосистемасы калыбына келтирилип жатат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Деңиздеги суунун көлөмүнүн 18,9 куб чакырымдан 23,5 куб
чакырымына чейин өсүшү балык чарбасына жана жалпы Аралдын
социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизди. Уникалдуу жаратылыш жана
илимий объект – «Арал» геопаркы түзүлүп, бул аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн
үлгүсү болуп саналат. Долбоордун негизги максаты - Арал деңизинин
табигый-экологиялык жана тарыхый мурасын сактоо. Учурда объектти ЮНЕСКОнун
Глобалдык геопарктар тармагына киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Казакстандын
төрагалыгы Фонддун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Бирок экологиялык коркунучтар азыркы чаралардын масштабынан алда канча жогору. Жай айлары барган сайын кургакчыл болуп, мөңгүлөрдүн эриши тездеп, ал эми чаң бороондору кеңири кулач жаюуда. Атмосферага жыл сайын ондогон миллион тонна туз, кум жана башка химиялык заттар бөлүнүп чыгат. Талаптарды күчөтүү Фонддун иштөө механизмдерин жаңыртууну жана суу тармагындагы регионалдык кооперацияны тереңдетүүнү талап кылат, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Казакстандын президенти Сырдарыя жана Амударыя бассейндеринде бирдиктүү автоматташтырылган мониторинг системасын киргизүүнү сунуштады. Бул маалыматтардын ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстан менен Өзбекстан Сырдарыя бассейниндеги он
участокту автоматташтырууга киришти. Бул тажрыйбаны Арал деңизинин бүткүл
бассейнине масштабдоо мүмкүн.
Фонддо мындан ары институционалдык өнүктүрүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. Менин оюмча бул процесс бир аз узакка созулду. Биринчи кезектеги чара катары мамлекеттер аралык энергетикалык комиссияны түзүүнү аяктоо сунушталууда. Практика көрсөтүп тургандай, энергетика тармагындагы координация өлкөлөрүбүздүн туруктуу, ишенимдүү суу менен камсыз болушунда чоң роль ойнойт.
Бүгүнкү күндө Фонд Арал деңизинин сакталышына колдоо көрсөтүүдө. Мисалы, эл аралык уюмдардын катышуусунда жалпы каржылоо көлөмү эки миллиард доллардан ашкан 30дан ашуун регионалдык долбоорлор ишке ашырылууда. Бирок бул жерде токтоп калбашыбыз керек. Казакстандын Президенти бул багытта да биргелешкен ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Отурумда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери да өз сунуштарын айтышты. Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары - жалган куран айынын 26сы - Арал деңизинин, Амударыя жана Сырдарыя өзөндөрүнүн эл аралык күнүн белгилөө боюнча 4 жыйынтыктоочу документ кабыл алышты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

