Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Республика ислам мамлекетин БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында колдоп келет. Мындай жүктүү унаалар мурда да кеткен. Бирок бул жолу эң кеңири. Жалпысынан 9 вагон азык-түлүк, дары-дармек жана кийим-кече жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, Ооганстанда жакында болгон жер титирөөнүн жана селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Кырсык учурунда 2000дей адам каза болуп, жүздөгөн тургундар үй-жайсыз калышты. Көптөр медициналык жардамга муктаж.
Рамиз Алакбаров, UNAMA башчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары
- Ооганстанда 20 миллион адам тамак-аштын жетишсиздигинен жабыр тартууда. 6 миллиону ачарчылыктын босогосунда турат десек болот. Акыркы учурларда табигый кырсыктар болуп, абал курчуп кетти. Ушундай оор мезгилде ооган эли Казакстандын колдоосун эч качан унутпайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков