Улуттук парктар - ата мекендик туризм тармагын өркүндөтүүнүн жаңы багыты. Республикада аларды ар тараптуу өнүктүрүү көздөлүүдө. Биринчи кезекте Шарын жана Алтын Емел турат. Алдыңкы эки жылда аталган жерлерде саякат борборлору, этно-шаарчалар, эко-мейманканалар, кемпинг, глампингдер үчүн аянтчалар пайда болушу мүмкүн. Максатты ишке ашыруу үчүн болжол менен 10 миллиард теңге инвестиция тартылган. Бул тууралуу долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу «Qazaq geography» компаниясынын өкүлү Аида Табелинова билдирди. Ошол эле учурда, ал улуттук парктардын инфраструктурасы биринчи кезекте аймактын тарыхый мурастарына басым жасоо менен өнүктүрүлөрүн айтат.
Аида Табелинова, География илимдердин кандидаты, «Qazaq Geography» компаниясынын башкы менеджери:
- Улуттук парктар бул жөн гана кооз жаратылыш жерлери эмес, эң алды менен Алтын Емел - Чокан Валихановдун өмүрүнүн акыркы жылдарын өткөргөн жер, ошондой эле, Алтын Емел тарыхый-маданий жайларынын бүтүн аймагы. Анткени мында Бесшатыр дөбөлөрү жайгашкан. Ошондуктан бул биологиялык ар түрдүүлүктө гана эмес, аны менен катар, тарыхый-маданий, экологиялык агартуу иштеринин да илимий-изилдөө долбоорлорунун бүтүн лабораториясы болуп саналат.
Азырынча долбоорлор өнүгүү баскычында турат. Алгач «Qazaq geography» компаниясынын өкүлдөрү бир катар адистердин - геологдордун, геоморфологдордун, гидрологдордун, биологдордун, зоологдордун, ботаниктердин жана сейсмологдордун серепчилик пикирлерин эске алуу менен комплекстүү иштерди жүргүзүү керектигин белгилешет.
Аида Табелинова, География илимдердин кандидаты, «Qazaq Geography» компаниясынын башкы менеджери:
- Бардык тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин жана курулушка уруксат алгандан кийин гана курулуш иштери башталат. Ошондуктан, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алдын-ала көзөмөлдөө, рекреациялык жүктөмдөрдү эсептөө, ар кандай коомдук пикирлерди угуудан баштап, ошондой эле, Улуттук парктын табигый жана маданий мурастарын сактап калууга мүмкүндүк берген билим берүү, экологиялык, картографиялык долбоорлорду иштеп чыгууга чейин иштер жүргүзүлөт.
Айта кетсек, учурда Алтын Емел менен Шарын капчыгайына жылына 20 миңге жакын адам келет. Долбоорлорду ишке ашыруу аталган аймакка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин агымын кыйла көбөйтөт деп күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков