Мамлекет башчысы Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

Документ санариптик активдерди колдонуу менен акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган. Бул тууралуу мамлекет башчыга агенттиктин төрагасы Жанат Элиманов билдирди. Ошондой эле, агенттиктин үстүбүздөгү жылдын 10 айында аткарган иштери боюнча отчет берилди. Маселен, 25 каржы пирамидасы жоюлуп, жабыркагандарга 8,3 миллиард теңге чыгымы төлөнүп берилди. Жыйырма беш уюшкан кылмыштуу топтун жолу буулду. Мындан тышкары, ал кылмыш иштерин массалык түрдө жоопко тартуу практикасы жоюлуп, ак ниет ишкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу кыскарганын билдирди. Жанат Элимановдун айтымында, көрүлгөн чаралардын натыйжасында 300 миллиард теңгеден ашык активдер кайтарылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков