Кызылорда облусу боюнча туристтик агым 20%га көбөйдү

Кызылорда облусу боюнча туристтик агым 20%га көбөйдү

Быйыл саякатчылардын агымы 20%га көбөйдү. COVIDден кийинки мезгил үчүн бул эң жогорку көрсөткүч. Аймакта жаңы багыттарга өзгөчө басым жасалды. Туристтерди эң ​​көп Арал району кызыктырат. Бул жерде жаңы тажрыйбаны каалагандар кургап калган деңиздин түбүндө сейилдей алышат. Ал эми ден соолугун чыңдагысы келгендер Камбаштын шыпаалуу суусун күтүшөт. Ошондой эле атактуу Көк-Арал, «Барсакелмес» коругу жана байыркы конуштар бар. Райондун өнөр жай объектилерине кызыккан туристтер да арбын.

Данияр Каржаубаев, Арал районунун ишкердүүлүк, өнөр жай жана туризм бөлүмүнүн адиси:

- Бизде балык өндүрүүчү 9 ишкана бар. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер алардын өндүрүштүк базаларына, иш процессине кызыгышат. Кошумчалай кетсек, Камбаш көлү зыяратчылар арасында чоң суроо-талапка ээ. Объект Казакстандагы эң мыкты 50 туристтик жайдын катарына кирген. Жыл сайын бул эс алуу аймагына 100 миңге жакын коноктор келет.

Бул жерде медициналык жана экотуризм өнүгүп жатат. Жыл башынан бери облуска 50 миңден ашык коноктор келген. Алардын 20 миңи медициналык мекемелерге, калгандары «экологиялык» жана «космостук» экскурсияларга келишкен. Баса, акыркы багыт абдан популярдуулардын бири болуп саналат.

Мухтар Жетилгенов, Областтык ишкердүүлүк жана өнөр жай башкармалыгынын бөлүм башчысы:

- Чет элдик туристтер Байкоңурга баруу үчүн арыз жана документтерин текшерткенге 55 күн талап кылынат. Бул мөөнөттү 15-20 күнгө чейин кыскартуу боюнча Орусиялык кесиптештерибиз менен иштешип жатабыз.

Аймакта экологиялык долбоорлор да иштелип чыгууда. Аларга жол тандабас менен төөгө минүү кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков