Жакында Гаухар-Ана, Сауран, Есик жана Ордабасы республикалык музей-коруктарынын аймагында туристтерге жана тургундарга жаңы борборлор кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Буга чейин Сарайшык, Улытау, Тамбалы жана Отырар сапар борборлору пайдаланууга берилген. Ошондой эле, ачык асман алдындагы «Бозок» археологиялык сейил багын түзүү иштери жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков