Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага Казакстандан 90 студент спортчулар катышат

Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага Казакстандан 90 студент спортчулар катышат

Студенттердин дүйнөлүк оюндарына Казакстандын курама командасы катышат. Кытайдын Чэнду шаарында теке айынын  28де баштала турган 31-оюнда өлкөнүн намысын 90 адам коргойт. Алар спорттун 11 түрү боюнча күч сынашат. Жалпысынан сууда сүзүү, жеңил атлетика, фехтование, көркөм жана көркөм гимнастика, дзюдо, таэквондо, стол жана теннис, ушу, ок атуу, сууга секирүү жана башка түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Эл аралык масштабдуу иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, дисциплинанын 269 түрү боюнча 18 ири мелдешти өткөрүү пландалууда. Эске салсак, Жайкы Универсиада эки жыл мурун Чэнду шаарында өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам мелдеш кийинкиге жылдырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков