Портал айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арыздарын кабыл алууга даяр. Система толугу менен автоматташтырылган жана акысыз негизде кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Тиешелүү мекеме чарбалык жана кооперативдик фонддо бюджеттин бар-жоктугуна карабастан катар номери аркылуу арыз бере алат. Система күтүү тизмеси принциби боюнча иштейт. Ал эми каражат дыйкандарга кезеги менен бөлүштүрүп берилет. Бул ыкма каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачыктыгын камсыз кылат жана субсидияларды төлөөдө адам факторун болтурбайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков