Казакстан Президенти К. Токаев чет элдик инвесторлор менен жолугушту

Казакстан Президенти К. Токаев чет элдик инвесторлор менен жолугушту

Эгемендүүлүк жылдарында Казакстанга 370 миллиард чет элдик инвестиция тартылган. Бул каражаттар ата мекендик экономиканы өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири болуп калды. Бул тууралуу Президент эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Касым-Жомарт Токаев инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнүн негизги платформасы болгон Чет элдик инвесторлор кеңешине өзү төрагалык кыларын белгиледи. Бүгүнкү күндө реалдуу секторго түз инвестицияларды тартуудан тышкары баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө жана чет элдик портфелдик инвесторлорду тартууга өзгөчө көңүл бурулууда. Натыйжада Казакстан аймактагы эң чоң капитал рыногуна ээ. Мамлекет башчысы учурда өлкөдө экономиканын түрдүү тармактарындагы 700дөн ашык мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын белгиледи. Келечекте аталган ири компаниялардын акциялары улуттук фондулук биржаларында катталат. Бул жаңы инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков