Накталай эмес төлөм жүргүзүү көбөйдү

Накталай эмес төлөм жүргүзүү көбөйдү

Казакстандыктар ​​накталай эмес төлөмдөрдү көбүрөөк жүргүзүшкөн. 2021-жылдын биринчи жарымында республиканын жарандары акылдуу сааттарды жана уюлдук телефондорду колдонуу менен 19 миллион транзакция жасашкан, жалпы суммасы 104 миллиард теңге. Бул тууралуу Ranking.kz порталы билдирет. Мындан тышкары, QR код менен төлөө казакстандыктар арасында чоң суроо-талапка ээ. Өткөн жылдын биринчи жарымында бул ыкма менен 192 миллион операция жасалып, 1 триллион теңгеден ашык суммага сатып алуулар болгон. Ишкерлер да жарандардын талабына көнүү аракетин көрүүдө. Тактап айтканда, акыркы эки жылдын ичинде өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алган соода түйүндөрүнүн саны 4 эсеге өсүп, 600 миңге жеткен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков