Жакында Казакстанда алгачкы онлайн университеттер пайда болот. Жогорку окуу жайларда окутуунун жаңы ыкмалары тиешелүү кафедранын кеңейтилген жыйынында талкууланды. Билим берүү жана илим министринин орун басары Куаныш Ергалиевдин айтымында, абитуриенттер үчүн билим берүү гранттарынын саны 5 миңге көбөйүп, анын 60%ы техникалык адистиктерге бөлүнөт.
Куаныш Ергалиев, Казакстандын Билим жана илим министринин орун басары:
- Техникалык жана IT багыттары боюнча гранттар 40%дан 60%га чейин көбөйтүлөт. Батыш аймактарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө жана коомдук тартипти сактоодо кызмат учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин, укук коргоо жана атайын кызматтардын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө билим берүү гранттарын бөлүү маселеси каралууда. Ошондой эле, таланттуу балдарды, олимпиадалардын жана сынактардын жеңүүчүлөрүн жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүндүк берүү маселеси каралат.
Мындан тышкары, жыйында үстүбүздөгү жылдын аяк оона айынын 1нен тарта мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык ата мекендик ЖОЖдордун студенттеринин стипендиясы 20%га, магистранттар менен докторанттардын стипендиясы 15%га көтөрүлөрү айтылды. Буга кошумча, колледждерде билим алууга мамлекеттик буйрутмалардын көлөмү көбөйтүлөт. 120 миңден ашык казакстандыктар техникалык жана кесиптик билимди акысыз ала алышат. Бул 2021-2022-окуу жылына салыштырмалуу 25 миң адамга көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков