Казакстандык Жогорку окуу жайларынын рекорддук саны Quacquarelli Symonds World University Rankings эл аралык академиялык рейтингине кирди. Ата мекендик 14 жогорку окуу жайы беделдүү тизмеден орун алган. Ошондой эле, быйыл айрым ЖОЖдор рейтингде бир нече орунга көтөрүлүп, өз позициясын бекемдеди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Казакстандын ЖОЖдорунун мыктылардын катарына кириши эл аралык деңгээлде ата мекендик жогорку билимдин популярдуулугу өсүп жаткандыгын айгинелейт, дешет серепчилер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков