Алматынын «апорту» географиялык көрсөткүч катары сунушталды

Алматынын «апорту» географиялык көрсөткүч катары сунушталды

Алматы импортун географиялык көрсөткүч катары санаса болот. Бул алма сорту Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунда тааныштырылды. Өлкөнүн Юстиция министрлигинен маалымдашынча, алманын «Апорт» сорту географиялык көрсөткүч катары катталса, бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Биринчиден, бул белгилүү бир Казакстандын белгилүү бир аймагынын уникалдуу табигый-климаттык шарттарга байланыштуу анын өзгөчөлүктөрүн жана сапатын коргоого мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, башка жерде өстүрүлгөн алмага “Апорт” деген аталышты колдонууга жол берилбейт. Андан сырткары аталган сорттун эл аралык рынокто таанылышын арттырууга салым кошуп, анын нукуралыгына болгон ишенимди арттырат. Мекеме алманын «Апорт» сортунун географиялык көрсөткүчтөрдүн тизмесине киргизилиши айыл чарбасын өнүктүрүүдө жана өндүрүүчүлөрдү колдоодо чоң роль ойноорун белгиледи. Бул демилге экономиканын өсүшүнө, туризмдин өнүгүшүнө түрткү болуп, өлкөдө алманын уникалдуу сортторун өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков