Казакстан менен
Түркиянын биргелешкен долбоорлорунун портфели 9,5 миллиард долларды түзөт – бул
ар кандай тармактардагы 170тен ашык инвестициялык демилге. Алардын ишке
ашырылышы Астанада Премьер-министр Олжас Бектеновдун жана Түркиянын
вице-президенти Джевдет Йылмаздын катышуусунда тегерек столдо талкууланды.
Бизнес-жолугушууга казакстандык жана түркиялык алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү
катышты. Алардын бири өлкөдө кеме куруучу завод салууну көздөөдө. Мындан
тышкары, жүк ташуучу карго-борборун ишке киргизүү пландаштырылууда. Жалпысынан,
учурда республикада жылуулук электр борборун, фармацевтикалык жана агроөнөр жай
комплекстерин куруу боюнча биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Казакстан
тарап жаңы демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Өз
кезегинде түркиялык ишкерлер өлкөдө түзүлгөн жагымдуу инвестициялык климатты
жогору баалашты.
Олжас Бектенов,
Казакстан Премьер-министри:
– Акыркы 20
жылдан ашык убакыт ичинде түрк инвесторлору Казакстандын экономикасына 6
миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Ошол эле учурда Казакстандан Түркия
Республикасына салынган инвестициянын жалпы көлөмү 2,4 миллиард долларга жетти.
Учурда өлкөдө түрк капиталынын катышуусу менен 5 миңден ашык ишкана катталган
жана биргелешкен аракеттердин аркасында миңдеген жумуш орундары түзүлдү. Бул
көрсөткүчтөр түркиялык бизнестин ишеними жогору экенинен кабар берет.
Джевдет Йылмаз,
Түркиянын вице-президенти:
– Казакстан Президенти
Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында олуттуу ийгиликтерге жетишти.
Жүргүзүлгөн конституциялык реформалар өлкөнүн саясий туруктуулугун жана
институционалдык системасын бекемдеди. Биз Казакстандагы реформаларды жана
өзгөрүүлөрдү жогору баалайбыз ошондой эле боордош өлкөнү жетишкен ийгиликтери
менен куттуктайбыз. Казакстандын экономикасы олуттуу өсүшкө жетишти - өткөн
жылы ИДӨ 300 миллиард доллардан ашты. Бул көрсөткүчтөр мындан
ары дагы жогорулайт деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

