Казакстан жашыл энергетиканы өнүктүрүүдө

Казакстан жашыл энергетиканы өнүктүрүүдө. 2035-жылга карата өлкөнүн энергобалансындагы ЭКБ үлүшүн 24,4 пайызга жеткирүү пландаштырылууда. Азыр көрсөткүч 6 жарым пайызды түзөт. Өлкөдө бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Тактап айтканда, БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте. Программанын аркасында секторго инвестициялоо тобокелдиктерин 40%га азайтууга жана аукциондук сатуулар жана жашыл облигациялар аркылуу 5 миллион доллар жеке инвестицияларды тартууга мүмкүн болду. Бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнестин 60 өкүлү колдоого алынды. Алар жашыл технологияларды киргизүү үчүн жеңилдетилген насыяларды алышты. Ийгиликтүү мисалдардын катарында био отун өндүрүү боюнча Петропавл ишканасы бар.

Илья Пампур, ишкер:

- Бизге кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып берүү боюнча колдоо көрсөтүлдү. Башкача айтканда, биз имарат куруп, бардык жабдууларды сатып алдык. Бул сумманын финансылык бөлүгүн бизге кайтарып беришти. Бизде каржылоо, насыялоо жана ушул насыянын бир бөлүгү, БУУнун өнүктүрүү программасы карызды бизге кайтарылды. Демек, биз өндүрүш боюнча аз чыгым болду.

Сектордун өнүгүшүнө олуттуу салым кошконун серепчилер белгилешет, ЭКБны пайдаланууну колдоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Алар тоскоолдуктарды жоюп, ишкерлерге ашыкча жашыл энергияны юридикалык жак катары катталбастан ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Өз кезегинде, энергия берүүчү уюмдар электр тармактарына эркин кирүүнү жана туташууну камсыз кылышы керек.

Адамбек Нуржан, БУУнун өнүктүрүү программасынын Казакстандагы координатору:

- Азыр бизнес чатырына 200 киловаттка чейинки күн станциясын орнотуп, электр энергиясын өз муктаждыктары үчүн керектей алат жана ашыкчасын белгиленген тариф боюнча тармакка сата алат. Мунун баары кулжа айынын 19унда кабыл алынган мыйзам долбоорунун аркасында. Бул мыйзам долбооруна мамлекет башчы кол койгон. Жакынкы эки жылда бул иштин жемишин көрөбүз деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков