Лондондо Казакстан инвестициялык форуму болуп өттү

Лондондо Казакстан инвестициялык форуму болуп өттү

Өлкөнүн алдыңкы компаниялары менен чет элдик бизнестин башын кошкон инвестициялык форумда компаниялардын жайгашкан жеринин өзгөрүшү Тумандуу Альбиондун көптөгөн ишкерлерин толкундандырды. Өндүрүштү өлкөгө көчүрүп келген айырым ишкерлер тажрыйбалары менен бөлүштү.

Дэвид Кэшман, United Concrete Canvas LTD компаниясынын бизнести өнүкүтүрүү боюнча мүдүрү

Бир нече жылдан бери Казакстанга өнүмдөрүбүздү экспорттоп келебиз. Биз жерди өзгөртө ала турган баскычка жеттик деп ойлойбуз. Казакстанды Борбор Азиянын хабы катары карап, бизнесибизди көчүрүп келүүгө эң сонун жер деп чечтик. Сиздердин өлкөдө бизнес ачуу жана жүргүзүү үчүн идеалдуу шарттар түзүлгөн.

30 жылдык кызматташтыктын ичинде Улуу Британия Казакстандын экономикасына 20 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Бүгүнкү күндө республикада британиялык 575 компания жигердүү иштеп жатат. Алар мунай-газ, тоо-кен жана өнөр жай секторлору, каржы кызматтары жана айыл чарба тармагына адистешкен. Британ өкмөтү да бизнес байланыштарын тереңдетүүгө кызыкдар.

Вомик Нур Шах, Улуу Британиянын соода жана өнөр жай министрлигинин департамент башчысы

Өкмөт Казакстан менен кызматташууну каалаган экспортчуларга да, кызыкдар тараптарга да колдоо көрсөтүүгө даяр. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, инфраструктура жана энергетика тармагындагы ири долбоорлорго катышууну каалаган компаниялар менен жолугушууга даярбыз.

Форумдун жүрүшүндө ата мекендик бизнестин инвестиция, телекоммуникация, «жашыл» энергетика тармагында иш алып барган компаниялар менен эки тараптуу жолугушуулары өттү. Ишкердик чөйрөнүнүн өкүлдөрү кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары, британиялык компанияларга биргелешкен долбоорлорду жигердүү ишке ашыруу сунушталып жан инвесторлор санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана өндүрүш тармагына басым жасашты.