Өлкөгө Көз карандысыздык жылдарында 1 млн 130 миңден ашык кандаш келди

Өлкөгө Көз карандысыздык жылдарында 1 млн 130 миңден ашык кандаш келди

Жыл башынан бери үч миңге жакын адам кандаш макамын алды. Алардын жарымынан көбү Кытайдан, 31% Өзбекстандан, калганы Түркмөнстан, Монголия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн тарыхый мекенине кайткан. Бул тууралуу Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, жер которгон этникалык казактар республиканын ар кайсы аймактарында отурукташты. Акмола, Абай, Костанай, Павлодар, Чыгыш жана Түндүк Казакстан облустарындагы отурукташкандарга атайын мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары сунушталууда. Анын ичинде көчүүгө бир жолку субсидия, ошондой эле, турак жайды ижарага алуу жана коммуналдык кызматтар үчүн бир жылга чейин ай сайын төлөмдөр каралган.

Жалпысынан 2023-жылы пилоттук режимде Казакстандын элчиликтери аркылуу «бир терезе» принциби боюнча кандаш макамын берүү механизми ишке ашырылууда. Жаңы механизмдин алкагында өлкөгө баруу, жумуш орду, турак жай берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселени чечүүгө жана республика аймагына кирбей туруп эле кандаш макамын алууга болот. Жаңы форматта 6 миңден ашык арыз келип түштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков