Павлодар облусундагы Маралды көлүндө туристтик сезон ачылды. Дарылык касиети бар, өзүнүн туздуу суусу менен белгилүү жерге казакстандыктар гана эмес, чет элдиктер да келишет. Өткөн сезондо курорттук аймакка 24 миңден ашык турист келген.
Нурсипат Курманова, эс алуучу: /Орусия/
- Мага суунун өзү жагат. Баткагы да пайдалуу. Коронавирус азайып, чек ара ачылгандан кийин быйыл дагы эс алып, сууга түшкөнү келдик.
Лаззат Төлеубекова, эс алуучу:
- Ушундай жакшы көл бар дегенди угуп келдик. Мага абдан жакты. Маралдыга биринчи келишибиз. Жаратылышы кооз, дарыланууга да болот экен.
Туздуу көлдүн жээгине чатырлар тигилген. Милиция жана фельдшердик-акушердик пункт да бар. Мындан тышкары, келечекте жээк зонасын кеңейтүү, ачык бассейн орнотуу, күнү-түнү иштеген жумуш орундарын жабдуу жана бир нече эс алуу жайларын түзүү пландаштырылууда.
Гулмира Отаргалиева, ишкер:
- Бул жерде 12 боз үй тигилет. Быйыл каалоочулар түнөп калса да болот. Ошондой эле жаңы инновациалык сөөрүлөр болот. Биринчилери орнотулду. Быйылкы сезонго дагы он бешөөнү коёбуз. Ашпозчулар сыртта тамак жасашат. Ал үчүн очоктор орнотулган.
Которгон : Илгиз Жамалбеков