Казакстан Израилге түз авиа каттамдарды ачты

Казакстан Израилге түз авиа каттамдарды ачты

Казакстан «Алматы-Тель-Авив» багыты боюнча түз аба каттамын ачты. Бул багытта учактар ​​жумасына 2 жолу учат. Транспорт министрлиги ачык асман режиминин аркасында каттамдардын географиясы кеңейип жатканын белгиледи. Өлкөнүн аэропортторунда ташуучулар жыштыктардын санына жана учактын түрүнө чектөөсүз каттамдарды аткара алышат. Бул соода-экономикалык, инвестициялык, туризм жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет. Жыл башынан бери 7 миллионго жакын жүргүнчүлөр ташылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга көп.

 

Тимур Тлегенов, транспорт министрлигинин жарандык авиация комитети төрагасынын орун басары:

-Болжол менен ошол эле тенденция акырына чейин уланат деп күтүп жатабыз. Бизде пандемияга чейинкидей 10-12% эмес, 20% болот. Бул жалпысынан өлкө үчүн, биздин өнөр жайыбыз үчүн жакшы. Башкача айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуу жыл сайын өсүп жатат. Казакстандын аэропортторунда тейленген жүргүнчүлөрдүн саны да көбөйүүдө. Бул болжол менен 25%, бизде да ушундай өсүш бар.

 

Кошумчалай кетсек, кытайлык авиакомпания бир күн мурун Алматы-Ханчжоу каттамы боюнча каттамдарды ачкан. Ал жумасына 3 жолу аткарыла турганын Жарандык авиация комитети билдирди. Ал эми келерки айда Казакстан «Алматы – Жидда» багытында жаңы авиакаттамдарды ачууну көздөп жатат. 2024-жылы Жапония менен Сингапурга каттамдар аткарылып, дагы бир жылдан кийин республика менен АКШны түз рейстер бириктирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков