Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө жашаган этникалык казактардын арыздары республиканын элчиликтери аркылуу бирдиктүү терезе режиминде кабыл алынат. Жаңы механизм бир катар виза режиминдеги мамлекеттерде – Түркмөнстанда, Монголияда, Кытайда, Иранда жана Ооганстанда пилоттук түрдө колдонулуп жатат. Бүгүнкү күндө 770тен ашык арыз кабыл алынды. Кийинчерээк визасыз режим киргизилген өлкөлөрдө арыздар кабыл алынат. Жаңы тартип этникалык казактарга тарыхый мекенине кирбестен республикага келүү, жумуш табуу, турак-жай жана кандаш статусун алуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик кызматтарды Enbek.kz порталы аркылуу алса болот. Эске салсак, этникалык миграцияны өнүктүрүү жана колдоо боюнча бир катар демилгелер Социалдык кодекстин жана миграциялык саясаттын жаңы Концепциясынын алкагында киргизилген. «Ата Жолу» картасы ушундайча пайда болот. Ал башка өлкөнүн казак жарандарына, жогорку деңгээлдеги адистерге же ийгиликтүү бизнесмендерге өлкөгө жөнөкөйлөштүрүлгөн режим менен кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков