Казакстанда 2023-жылы экономикалык өсүш 4,2% болушу мүмкүн

Казакстанда 2023-жылы экономикалык өсүш 4,2% болушу мүмкүн

Казакстанда келерки жылы инфляциянын темпи басаңдайт. Анын деңгээли 19%дан 8%га чейин төмөндөшү мүмкүн. Евразия өнүктүрүү банкынын адистери муну тышкы сектордун таасиринин алсырашы менен байланыштырат. Аталган каржы институту 2023-жылга макроэкономикалык болжолун жарыялады. Институттун эсеби боюнча, экономикалык өсүш тездейт. Анын көлөмү келерки жылы 4,2%га жетиши ыктымал. Буга байланыштуу быйылкы жылы 2,8% өсүш күтүлүп жатканын белгилей кетүү керек. 2023-жылы Теңиз кенинде жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, Каспий куур консорциумунун толук кандуу ишке өтүшү, өндүрүш, курулуш жана тейлөө тармактарында бир катар улуттук долбоорлорду ишке ашыруу өсүштүн негизги кыймылдаткычтарына айланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков