Казакстан
менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги
багыттары тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев америкалык бизнестин капитандары менен жолугушууда айтты. Мамлекет
башчысы Америка Кошмо Штаттарын маанилүү стратегиялык өнөктөш деп атап, көп
кырдуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө берилгендигин ырастады. Өлкөлөрдүн
ортосунда чынында тыгыз кызматташуу
орногон. Буга эң жогорку деңгээлдеги байланыштар күбө.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бүгүн биз Президент Трамп менен дагы
бир мазмундуу баарлашуу өткөрдүк, мен ага абдан ыраазымын. Казакстан Президент
Трамптын прагматикалык дипломатияны алдыга жылдыруудагы жана Европадан, Жакынкы
Чыгыштан Азияга жана Африкага чейинки курч чыр-чатактарды тынчтык жолу менен
жөнгө салууга көмөктөшүүдөгү лидерлигин жогору баалайт. Анын конструктивдүү
позициясы жана конкреттүү натыйжаларга басым жасоосу күчөп бараткан глобалдык
поляризация шартында чыңалууну азайтууга жана диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө
түзөт.
АКШ
акыркы жылдары Казакстандын экономикасына 100 миллиард доллардан ашык
инвестиция салды. Бүгүнкү күндө республикада 630дан ашык америкалык компания
иштейт. Бирок инвесторлор үчүн региондун өзү да кызыктуу болушу керек.
Казакстан америкалык бизнестин Борбор Азиядагы катышуусун кеңейтүүгө
көмөктөшүүгө даяр. Мамлекет башчысы C5+ жана B5+ форматтарынын алкагында
кызматташуунун уланышы бул аракеттерге жаңы дем бериши мүмкүн деп эсептейт.
Казакстан менен бизнес-алака
артыкчылыктуу багыт боюнча өнүгүшү мүмкүн. Ал эми биринчиси, албетте,
энергетикалык сектор. Мунай кендерин
иштетүү, геологиялык чалгындоо, уранды казып алуу жана кайра иштетүү.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Дүйнөдөгү эң ири көмүр корлоруна ээ болгондуктан, биз
АКШнын көмүрдү, жок эле дегенде, жакынкы келечекте ишенимдүү жана коопсуз
энергия булагы катары кароо ыкмасын колдойбуз. Биздин энергетикалык
стратегиябыз төрт компонентке негизделген: мунай, газ, көмүр жана уран. Биз бул принципке бекем карманууга ниеттенебиз. Келечекте
өтө маанилүү чийки заттар. Тоо-кен тармагында мыйзамдардын аркасында ачык
шарттар түзүлгөнү дагы маанилүү. Албетте, мамлекет башчысы транспорт жана
логистика, агроөнөр жай комплекси жана санариптик өз ара аракеттенүү
тармактарынын чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев дагы бир артыкчылык катары адамдык дараметти өнүктүрүүнү атады.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 33 чет элдик университеттин филиалы ачылды, анын ичинде
Аризона, Дьюк, Пенсильвания жана Миннесота университеттери бар. Казакстандын
президенти америкалык университеттер жана изилдөө борборлору менен биргелешкен
долбоорлорду кеңейтүүнү сунуштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

