Нур-Султан шаарында аяк оона айында өтө турган дүйнөлүк жана салттуу диний лидерлердин курултайында актуалдуу темалар көтөрүлөт. Бул жылы VII жыйындын секциялык отурумдарында “Азыркы дүйнөдө руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөдө диндердин ролу”, “Дин лидерлеринин жана саясатчылардын дүйнөлүк дин аралык диалог жана бейбитчиликти жайылтууга, экстремизмге, радикализмге жана терроризмге, айрыкча диний негизде каршы турууга кошкон салымы” сыяктуу бир катар маселелер талкууланат. «Аялдардын коомдун туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы да камтылган. «Мындай иш-чаралар менен коомдун туруктуулугун камсыз кылууга болот», - дейт дин аалымы Кайрат Курманбаев.
Кайрат Курманбаев, Казакстан Дин таануучулар конгрессинин төрагасы:
- Мындай жыйындардан кийин декларация кабыл алынат. Бул өз кезегинде көп конфессиялуу, көп улуттуу Казакстанда стабилдүүлүктү, коомдук туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти камсыз кылууга чоң салым кошоору шексиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков