Республика күнүн утурлай Париж Олимпиадасынын чемпиону Елдос Сметов жана машыктыруучу Галымжан Жылгелдиев Актөбе облусунун Кобда районуна барып, спортчулар, өспүрүмдөр менен жолугушту. Максаты-жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, жигердүүлүккө дем берүү. Елдос Сметов өлкөдө массалык спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, жаштарды сергек жашоого чакырды. Белгилей кетсек, Кобда жана Жарык айылдары сел учурунда олуттуу жабыркаган. Кыска убакыттын ичинде 147 жаңы үй курулуп, тургундарга тапшырылып берилди.
Елдос Сметов, Дзюдо боюнча олимпиада чемпиону:
– Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ушундай батирлерди курууга буйрук берилген. Бул батирлерди көрүп, биз бул жактын тургундары менен жолуктук. Абдан сапаттуу салынган үйлөр. Тогуздун айынын 25 Республика күнү менен чын дилимден куттуктайм. Элибиздин көк туусу желбирей берсин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков